Казакстандын көз карандысыздык күнү
| Казакстандын көз карандысыздык күнү | |
|---|---|
| | |
| Алматы шаарындагы Республика аянтындагы Көз карандысыздык монументи | |
| Түрү | улуттук |
| Официалдык аты | каз. Тәуелсіздік күні |
| Мааниси | Казакстандын улуттук иденттүүлүгү |
| Белгилешет | |
| Башталган күнү | 1991-жыл |
| Датасы | 16-декабрь |
| Салты | параддар, концерттер, фейерверктер, сыйлыктарды тапшыруу аземи |
| Байланышы | Казакстандын тарыхы менен |
Казакстандын көз карандысыздык күнү (каз. Тәуелсіздік күні) — жыл сайын 16-декабрда белгилене турган Казакстан Республикасынын мамлекеттик майрамы[1].
Казакстан Республикасынын "Майрамдар жөнүндө" мыйзамына ылайык, Казакстан улуттук майрамдарды, мамлекеттик майрамдарды, кесиптик майрамдарды жана башка майрамдарды белгилейт. Мамлекеттик майрамдар – бул коомдук-саясий мааниге ээ болгон жана Казакстан Республикасынын жарандары тарабынан салттуу түрдө белгиленүүчү майрамдар. Мамлекеттик майрамдарды белгилөө расмий иш-чаралар менен коштолушу мүмкүн. Алар "Казакстан Республикасындагы майрамдар жөнүндө" мыйзам менен жөнгө салынат.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1991-жылдын 16-декабрында Казакстан Республикасынын Жогорку Кеңеши №1008-XII токтомун, "Казакстан Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө" конституциялык мыйзамды кабыл алган.
Мыйзамдын кириш сөзүндө мындай деп айтылат: "Казакстан Республикасынын Жогорку Кеңеши, Казакстан элинин эркин билдирип, Адам укуктарынын жалпы декларациясында жана эл аралык укуктун башка жалпы таанылган нормаларында камтылган жеке укуктардын жана эркиндиктердин артыкчылыгын таанып, казак улутунун өзүн-өзү аныктоо укугун ырастап, жарандык коомду жана укуктук мамлекетти түзүүгө болгон чечкиндүүлүгүнөн келип чыгып, тынчтыкты сүйгөн тышкы саясатты жүргүзүп, өзөктүк куралды жайылтпоо принцибине жана куралсыздануу процессине берилгендигин билдирип, Казакстан Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгын салтанаттуу түрдө жарыялайт".
Мыйзамга ылайык, "Казакстан Республикасы көз карандысыз, демократиялык жана укуктук мамлекет болуп саналат. Ал өз аймагында толук бийликке ээ жана ички жана тышкы саясатты өз алдынча аныктайт жана жүргүзөт". 1-берене. "Казакстан Республикасы бардык мамлекеттер менен болгон мамилелерин эл аралык укуктун принциптеринин негизинде курат".
2022-жылдын 29-сентябрында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев "Казакстан Республикасынын кинематография, маданият жана майрамдар боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Казакстан Республикасынын мыйзамына кол койган, ага ылайык, 16-декабрь - Казакстандын көз карандысыздык күнү - мамлекеттик майрам күнү деп белгиленген[2][3].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Қазақстан Республикасы Әділет министрлігінің "Қазақстан Республикасының Заңнама және құқықтық ақпарат институты". Қазақстан Республикасындағы мерекелер туралы
- ↑ Қазақстан Республикасы Әділет министрлігінің "Қазақстан Республикасының Заңнама және құқықтық ақпарат институты". Қазақстан Республикасының кейбір заңнамалық актілеріне кинематография, мәдениет және мерекелер мәселелері бойынша өзгерістер мен толықтырулар енгізу туралы
- ↑ GOS24. Изменения в праздничных датах Республики Казахстан