Казарман (аэропорт)
Казарман аэропорту | |||
---|---|---|---|
IATA: жок (КЗМ) – ICAO: UAFZ | |||
Кыскача маалымат | |||
Түрү | жарандык | ||
Өлкө | ![]() | ||
Ээси | "Кыргызстан аэропорттору" ААК | ||
Оператору | өкмөт | ||
Тейленүүчү шаар | Казарман | ||
Жайгашкан жери | Казарман, Тогуз-Торо, Кыргызстан | ||
ДД бийиктиги | 4,289 ft / 1,310 m | ||
Учуп-конуу тилкелери | |||
Багыты | Узундугу | Төшөмү | |
m | ft | ||
11/29 | 1,840 | 6,036 | Асфальт |
Казарман аэропорту (англ. Kazarman airport) (IATA: жок (КЗМ), ICAO: UAFZ) — Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна кызмат көрсөткөн аэропорт. Тоолуу «Казарман» аэропорту Казарман айылынын түндүк-чыгыш тарабынан орун алган жана Нарын шаарынан 240 км алыстыкта турат. Аэродром деңиз деңгээлинен 1274 метр бийиктикте жайгашкан.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Казарман аэропорту 1940-жылдары алтын өндүрүүчү айылдын четинде конуу тилкеси катары иштей баштаган. Азыркы учурда колдонулуп жаткан учуп-конуу тилкеси жана терминал 1985-жылы курулган. Аэропорт аймактык маанидеги 3С классына кирет. Учуп-конуу тилкесине 22 тоннага чейинки салмактагы учактар гана коно алат. Прибордук кондуруу системасы жок болгондуктан, аэропорт күндүзгү убакта гана иштейт.
Казарман аэропортунда бажы жана чек ара көзөмөлү жок, ошондуктан ал Кыргызстандын ичиндеги каттамдар менен гана иштейт. 2000-жылга чейин аэропорт жыл бою Жалал-Абад, Нарын, Бишкек жана Ош шаарлары менен үзгүлтүксүз аба байланышта болгон.
Казарман аэропорту 2008-жылдын 16-июнунда Бишкек–Казарман–Бишкек багытындагы туруктуу каттамдын ачылышы менен учактарды кабыл алууну кайра жандандырган. Бирок соңку 10 жыл ичинде жүргүнчү агымынын жетишсиздигинен улам аэропорт учактарды кабыл алган эмес. Каттамды «Кыргызстан» авиакомпаниясы жумасына бир жолу аткарып турган[1].
2018-жылы Казарман аэропортунун терминал имаратына оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Терминал саатына 40–50 жүргүнчүнү тейлөөгө ылайыкталган.
2022-2023-жылдары Казарман аэропорту реконструкциядан өткөн. Анда аэродромдун асфальт-бетон жабуусу, учуп-конуу тилкеси, рулеж жолу жана учак токтотуучу аянттарда оңдоо-кайра калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн[2].
2024-жылдын күз айында аэропорт кайрадан ачылган[3].
Учуп-конуу тилкеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аэродром Як-40, Ан-24, Ан-26, Ан-2, Ан-28 сыяктуу жана андан төмөн класстагы учактарды эч кандай чектөөсүз кабыл алууга ылайыкталган. Ошондой эле бардык түрдөгү тик учактар үчүн да ылайыктуу. Аэродром күндүзгү убакта гана иштейт. Жасалма учуп-конуу тилкесинин өлчөмү 1840 х 35 метрди түзөт, жабуусу асфальт-бетон.
Кырсыктар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1983-жылдын 29-июнунда «Аэрофлоттун» Яковлев ЯК-40 (борт номери CCCP-87808) учагы шамалдын күчтүү агымына кабылып, кулап түшкөн[4].
Дагы караңыз
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Аэропорт "Казарман" с 16 июня начал принимать воздушные суда в связи с открытием внутреннего рейса Бишкек - Казарман - Бишкек (орусча). aviaport.ru. Текшерилген күнү 25 -май (бугу) 2025.
- ↑ Скоро в Нарын можно будет летать. Идет реконструкция аэропорта (орусча). kaktus.media. Текшерилген күнү 25 -май (бугу) 2025.
- ↑ Аэропорт «Казарман» готовится принять первые рейсы после 20-летнего перерыва (орусча). economist.kg. Текшерилген күнү 25 -май (бугу) 2025.
- ↑ «Авиакырсык Яковлев ЯК-40 (борт номери CCCP-87808) Казарман» (англ.). Aviation Safety Network. Текшерилген күнү 25 -май (бугу) 2025.
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]![]() | |
---|---|
Эл аралык | Манас • Ош • Ысык-Көл • Каракол • Баткен |
Жергиликтүү | Жалал-Абад • Казарман • Кербен • Нарын • Талас • Раззаков |
Аскер | Кант |
Иштебейт | Чолпон-Ата • Кызыл-Кыя • Тамга • Токмок • Токтогул |