Казат

Википедия дан

Казат (арабча газават, — ыйык согуш) — ислам дини үчүн мусулмандардын жүргүзгөн ыйык согушу. “Манаста” салттуу түрдө поэтикалык термин катары кеңири колдонулат. Эпостогу: “Калдайдын уулу капырга Кан Коңурбай баатырга, Казат кылсак кантет” (Сагымбай Орозбаков, 4. 58),

Аттанып чыкты кан Манас

Кырк чоросу кашында,

Бээжинге казат кылам деп,

Элүү эки жашында (Саякбай Каралаев, 2. 83),

Калың казат көп кыргын,

Дагы тарткан сүрөткө (Саякбай Каралаев, “Семетей”, 1. 221),— деген саптардан К. өзүнүн түпкү маанисинде колдонулгандыгын баамдоого болот. Ошондой эле К. эпосто диний мааниде эмес жөнөкөй эле кадыресе “согуш”, “уруш”, “кан майдан”, “чабуул” деген мааниде колдонулгандыгын төмөнкү саптар айкын далилдейт: “Казат десе камданып, Каршы жоого чыкчусу” (Сагымбай Орозбаков, 2.150), “Казатка барды деп жүрсөң, Калгандын камын жеп жүрсөк, Казат деп мурун барыптыр” (Сагымбай Орозбаков, 2. 155), “Казаттын жолун билбеген Капилет өскөн калктыр” (Сагымбай Орозбаков, 2. 203). “Манаста” кеңири колдонулган бул термин эч кандай түпкү маанисине семантикалык жактан туура келбейт. Эпосто эпикалык термин катары гана колдонулган. Ошондуктан, диний катмарларды көбүрөөк киргизген деп эсептелип жүргөн Сагымбай Орозбак уулунун вариантында да салттык түрдө айтылып келаткан “Чоң казат” деген эпикалык термин ага синонимдик маанидеги “Чоң чабуул” деген термин менен аталат. Ал эми:

Казат үчүн камданып,

Кан Коңурдун каарына

Калкы чоочуп таңданып (Сагымбай Орозбаков, 4. 230),

Чоң казат деп атанып,

Ушу болгон чоң кыргын

Каканчалуу Бээжиндин

Даңзасына катталып (Саякбай Каралаев, 2. 214),— деген саптардан К. түпкү диний маанисинен башкача колдонулганы байкалат. Себеби, “каапыр” деп эсептелген эл “мусулман” элине дин үчүн ыйык согуш (казат) жасабагандыгы түшүнүктүү. Бир диндеги элдер да бири-бири менен дин үчүн согушкан эмес. Демек, К. термини эпоско кийин гана айтуучулар тарабынан колдонулган. Эпосто жылкы жөнүндө:

Эркегинин баарысын, Нээти казат караткан, Ургаачысын ар качан Ак түлөөгө тараткан (Сагымбай Орозбаков, 2. 19),— деген саптар көп учурайт. Мындан жоокерчилик заманда жылкыны жогору баалоочулук, атты ар дайым согушка минүүгө даяр кармап турганы байкалат. Ал эми "Манас" деп тикти казатын” (Сагымбай Орозбаков, 1. 191),— дегендей саптар да бар. Мындагы “казатты” “кастар” деген мааниде гана кабылдоо керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4