Казбек казынасы

Википедия дан

Казбек казынасыколо, күмүш жана темирден жасалган буюмдар тобу.

Бардыгы 200дөй буюм. Аскер- Грузин жолунун боюндагы Казбек станциясынын (азыркы Грузиянын Казбеги айылы) аймаынан 1877-ж. Г. Д. Филимонов тапкан.

Күмүш табактар жана койдун фигурасы б. з. ч. 6-5-кылымдагы ахеменилер искусствосунун стилинде жасалган. Казбек казынасынан табылган коло идиштер, төөнөгүчтөр, темир кылычтар, найзалар ж. б. бир топ буюмдар кобан маданиятынын кийинки мезгилине таандык. Кавказдын байыркы урууларынын диндик көз караштарын үйрөнүүдө Казбек казынасынын мааниси өтө зор

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.