Каз таңдай

Википедия дан
Казтаңдай‎»‎ барагынан багытталды)
Каз таңдай (Achillea millefolium).

Каз таңдай (лат. Achillea, L. 1753)— көп жылдык тамыр сабактуу чөп өсүмдүк. Биздин өлкөдө кеңири таралган; токой, талаа шалбааларда өсөт. Кыргызстанда азия жана биберштейн каз таңдайы кеңири тараган. Медицинада каз таңдайдын чөбү жана топ гүлү дары катарында колдонулат. Жалбырагында жана гүлүндө эфир майы, ачуу даамды берүүчү — алкалоид, витамин К, уксус, кумурска кислотасы бар. Каз таңдайдын чөбүнүн ачытылган маңызы гастритте, тамакка табитти жогорулатуу жана кан агууну токтотуу үчүн пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]