Казыбаев, Абен

Википедия дан

Казыбаев Абен (24.5.1937-ж.т., Жумгал району, Түгөл-Сай айылы)—Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (1990—95).
1959-ж. КМУнун экономика факультетин бүткөн.
1959—62-ж. Бишкектеги темир-бетон буюмдары заводунда экономист, улук инженер, 1962—69-ж. Автомобиль жана шоссе жолдору министрлигинде бөлүм начальниги, 1969—74-ж. Республикалык транспорт-экспедиция башкармасынын начальниги, 1974—76-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советинде бөлүм башчысынын орун басары, 1976—78-ж. КПСС БКнын Коомдук илимдер академиясынын угуучусу, 1978—85-ж. Кыргызстан КП Нарын обкомунда инструктор, Нарын шааркомунда инструктор, 2-катчы, Нарын обкомунда бөлүм башчы, 1985—93-ж. Нарын, Ысык-Көл облустук профсоюз советтеринин төрагасы, 1993—95-ж. Туризм жана экскурсия боюнча Кыргыз республикалык Советинин төрагасы, 1995-жылдан "Кыргызтур" акционердик коомунун президенти.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.