Казыбектин казалдары

Википедия дан

Казыбектин казалдары – кыргыз жергесине совет бийлиги жаңыдан орной баштаган мезгилде бай-манаптарды кулакка тартып, абакка салып, сүргүнгө айдап турган кыйын кезеңдерде Казыбек Мамбетемин уулунун моноримде (саптары бир уйкаштыкта) жаралган ырлары. Жазма да, оозеки да түрдө Казыбектин казалдары деген ат менен кыргыз элине кеңири тараган. Азыркы күнгө чейин толук изилдене элек. Эл-журтту сагынуу, бейпил-жыргал турмушту эңсөө, эркиндикти самоо, адилетсиздикке нааразылык, түрмөдөгү кордук турмуш, жол азабы, чоочун чет жер ж. б. Казыбектин казалдарынын негизин түзөт. Казыбектин казалдары турмушка, жашоого, башка түшкөн азапка карата сабырдуулук көрсөтүү, оорчулукту көтөрүү, жашоо маңызын акыл элегинен, дил сезиминен кайра баштан өткөрүү сыяктуу философиялык ой-толгоолору, оптимизм, жеринин кооздугун даңазалоо, коомдогу болуп жаткан окуяларды таасын байкап, элестүү чагылдыруусу менен элге жакын болгон. Казыбектин ырлары башка акындардын чыгармаларынан айырмаланып, эл ичинде казал деп аталат. Жалпы адабият таануу илиминде казал формасы ашыктык ырларынын өзгөчө формасы катары биринчи жолу б. з. 5-6-кылымдарда араб жазма поэзиясында пайда болгон делет. Бирок мындай монорим ырлар байыркы кыргыздарда б. з. ч. мезгилдерде эле болгонун, анын жалпы кыргыз поэзиясында басымдуулук кылганын эстен чыгарууга болбойт. Ал эми Казыбектин казалдарынын жеңил темп менен баштан-аяк бир ыргакта айтылышы Казыбектин чыгармачылыгынын кайталангыс өзгөчөлүгүн түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]