Казыкты көздөрдү жумуп кагуу

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда казыктар, балталар колдонулат.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар бир колдоруна казыктарын, экинчи колдоруна балталарын алышып, аянтчадан кеңири орун алышып, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча, оюнчулар көздөрүн жумушуп, казыктарды белгилеген жерге чейин бат кагууга аракеттенишет. Оюн оюнчулардын каалоосу боюнча 2—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Казыкты белгиленген жерине чейин бат каккан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот,

Оюндун башка түрлөрү. Казыкты таш менен кагуу, казыкты бакан менен кагуу, казыкты бут менен кагуу.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир бириңе жакын турууга, тоскоолдук кылууга, буйруктан мурда аракеттенүүгө, көздөрдү ачууга болбойт.
Оюнга методикалык көрсөтмө- оюнда колдонуучу буюмдар бирдей болушу керек.
Оюндун педагогикалык мааниси- оюнда күчкө толот, кыймылдарды аткарууга үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]