Казыначылык
Көрүнүш
Казыначылык – мамлекеттик бюджеттин кассалык аткарылышын жүргүзө турган атайын өкмөттүк каржы органы. Ал салыктардын, жыйымдардын, алымдардын алынышын, ошондой эле зайымдарды сатуудан түшчү кирешелердин алынышын уюштурат жана бюджетте каралган каражаттарды чыгымдоого коё берет. Бир катар учурларда акча кагаздарынын эмиссиясы жүргүзүлөт. КРде К. КР Каржы министрлигинин бир бөлүгү болуп, ал Борбордук казыначылыктан жана анын аймактык бөлүмдөрүнөн турат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |