Мазмунга өтүү

Кайбылдаев Асан

Википедия — ачык энциклопедия

Кайбылдаев Асан Жыгаччы, абаз изилдөөчү. 1929-ж. Ак-Суу районундагы Боз-Учук айылында төрөлгөн.

Жогорку билимдүү филолог. Устачылык шыкты аталаш агасы Абдылда Дөнөнбай уулунан алган. Ал чоң комузчу жана комуз уста болгон. Өз атасы да комуз черткен. Асандын чапкан комузу башкалардан айырмаланат. Жердигин жергиликтүү өрүктөн тандайт. Аны кыш айларында кыркат (себеби, декабрь, январь айында жыгач «уйкусурап» турган чагы, февралдан тамыры ойгоно баштайт). Ак-Суудагы Түргөн суусунун жээгиндеги «кайың боз карагайдан» комузга капкак жасайт. Жыгач тарамы күдүрөйүп көрүнүп, ал комуз капкагы үчүн табылгыз материал. Асан устаты Абдылданын айтуусу боюнча комуз капкагынын ичине ага тийбегидей кылып гитаранын үч кылын тагат. Комузду капкактап, кылын тагып черткенде ал жагымдуу жардамчы үн чыгарат. Бул ыкманы башка эч ким колдоно элек. Ал комуздун тулкусуна кооздоо, куранды жолотпойт. Анткени комуздун добушун качырат. Комуз чабууда уста жыгачты кыйып, каны-сөлү кача электе дароо чабат. Улам муздак сууга салып турат. Ал жарака кетирбей, жумшартат. Комуз бетин түптүз кылат (бети аз эле дөмпөк же кайкалак болсо добуш бузулат). Мындан сырткары устанын байкоосу боюнча комуздун чарасы менен моюнунун узундугу тепетең болушу керек. Эгер моюну узун болсо манжалар кылды басууга жетпей, басуу аралыгы алыстайт.

Чарадан кыска келсе манжалар бүрүшүп калат. Комуздун моюну жоон болсо беш манжа бүт ойной албайт. Бармак жетпейт. Моюн өтө ичке болсо, манжалар ийилип калат. Асан күү чертүүдө баш бармакты иштете билет. Ал Ыбырай Туман уулуңун ичегиден кыл жасоо ыкмасын өздөштүргөн. Атактуу комузчу беш манжасын түгөл иштете билген. Калган комузчулар кылды басууда көбүнчө үч манжасын гана кыймылдатат. Асан комуз чабууда көл кылаасындагы комузду өтө чебер жасаган Жансерке, Кузьма, Чалагыз сыяктуулардын ыкмаларын өздөштүргөн. Ал усталар учурунда Карамолдо, Ыбырайларга комуз чаап берип турушкан. Алардын аспапкуралдары балта, чот-керки, үшкү, балка, маки гана болгон. Асан сүрөтчү-флорист дагы. Ал жыгач дарактарынын бутактарынан, тамырларынан, дүмүрлөрүнөн оңтоюна жараша сөлөкөттөрдү кылдат жасайт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0