Кайназар уулу Кыдыраалы

Википедия дан

КАЙНАЗАР УУЛУ КЫДЫРААЛЫ (1850–1920)

Манасчы, манасчылыктын түштүк мектебин түптөөчүлөрдүн бири, төкмө ырчы Кайназар уулу Кыдыраалы 1850-жылы Ала-Бука районунда туулган. Өз заманынын белгилүү манасчысы Кыдыраалынын таланты тууралуу эл оозунда абдан көп айтылат. Ал “Манасты” 32 урпакка чейин айтчу экен дешет. Анын варианты белгилүү варианттардан кескин өзгөчөлүктөргө ээ болуу менен бирге, туруктуу, салттык окуялардан чыккан эмес. Ал эми Манас жөнүндөгү баян тогуз жүз аша жашаган, Манасты өз көзү менен көргөн Миңжашар аттуу карыянын айтуусу менен башталат. Кыдыраалынын чыгармачылыгын өз замандаштары өтө жогору баалашкан. Алсак, айтылуу Жеңижок: “Карайган тоонун талаасы, Калың журтту ээрчиткен, Алмамбет, Сыргак, Манасы. Кыдыраалы жомокчу, Кайназар мерген баласы” – десе, Ташкен тарапта жашап өткөн Үсөн ырчы: “Эмесе, туурдукту сыйрыгыла, Эссиз эле барчалап жыртылбасын. Кыдыкем “Көкөтөйдүн ашын” айтат, Уй мүйүз тартып элим кылкылдасын” – деп айтат. Ырдын мазмунуна терең үңүлсөк, Кыдыраалы “Манас” айтканда туурдук сыйрылып, эл кылкылдап, зор берилүү менен уккандыгына күбө болобуз. Демек, бардык чоң манасчылар сындуу эле, Кыдыраалынын айтуучулугун да эл абдан жогору баалап, аны бир көрүүгө өз жеринде эле эмес, атын угуп калган коңшу жерлерде да куштар болгондор көп болгон экен. Дагы бир өз заманынын белгилүү ырчысы Көркары: Жомогун угуп тыңдаган, Жанынан карыш жылбаган. Жети ай айтып “Манасты”, Жарымын ада кылбаган. Чаар атын баяндап, Чарчабай үч күн ырдаган. Алпамыш акын Кыдыкем, Айтышканын бурдаган – деп, анын жомокчулугуна таң берет. Эгер Көркары ырчы апыртып койбогон болсо, анда Кыдыраалы жети айда “Манас” эпосунун жарымына жетчү эмес экен. Ушунун өзүнөн эле анын манасчылык дараметин аныктасак болот. Ал эми: “Ар бир сөзү тапкандай, Аккелтени аткандай. Кыдыраалы манасчы, Кыргыздан чыккан ак таңдай. Торгой сайрап жаткандай, Топ акындай ак таңдай. Кыдыраалы ырчыны айт, Кыйырды билген сынчыны айт” – деп, кадимки Токтогул Сатылганов анын өнөрүн жогору баалаптыр. Кыдыраалыдан үлгү алган Сейде Дейди кызы эмнени айтса да, бул Кыдыраалыныкы деп баштачу экен дешет. Мына ушундай зор манасчынын оозунан “Манас” өз убагында жазылып калбаганы, албетте, өкүнүчтүү. Алп манасчылардын катарын толуктаган Кыдыраалы манасчы 1920-жылы дүйнөдөн кайткан.