Кайнатма Кара Дары

Википедия дан

Кайнатма Кара Дары"Манас" эпосунда чагылдырылган дарынын энчилүү аты. К. К. Юдахиндин кыргызча-орусча сөздүгүндө К. к. д — апийим деп божомолдонот. “Манаста” көбүнчө башка дары-дармектердин катарында айтылат: “Кайнатма кара дарыдан Баягы кайран катын Каныкей Жарасына салды эми” (Саякбай Каралаев, 2. 226). Эпосто К. к. д. жарат менен сыныкка колдонулган дары катары айтылган: “Кайнатма кара дары бар, Канатын азыр бүтүрчү Канча дары баары бар” (Сагымбай Орозбаков, 2. 298). К. к. д. аты айтып тургандай кайнатылып (же эритилип) туруп жаратка же сыныкка сүйкөлгөн. Мындай сапатына караганда К. к. д. мумияга жакындап кетет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4