Кайноочу катмар

Википедия дан

Кайноочу катмар - бүртүктүү чубурма материалдар аркылуу өтүүчү газ же суюктук агымынын (суюлтуучу агенттин) аракетинен ал катуу материалдын бөлүкчөлөрүнүн бири бирине карата интенсивдүү которулушуучу катмары

Бул абалда катмар кайноочу суюктукту элестетип, анын кээ бир касиеттерине ээ болот да, кыймылы гидростатика законуна баш нет. Бүртүктүү материал менен суюлтуучу агенттин ортосунда тыгыз аракеттин болушу Кайноочу катмарды химиялык өнөр жай аппараттарында колдонууга мүмкүндүк берет. Химиялык процесстерди жүргүзүүдөн башкалар газ менен суюктукту адсорбциялоо, жылуулук алмашуу, катуу материалдарды кургатууда ж. б. пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.