Кайрак көрүстөнү
Көрүнүш
Кайрак көрүстөнү – б. з. ч. 6-4-кылымда жашаган көчмөн сак урууларына таандык мүрзөлөр. Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү Токтогул шаарчасынын жанында жайгашкан. Анда 50гө жакын дөбө-мүрзө бар. 1970-ж. археолог Ы. Кожомбердиев 35 дөбө-мүрзөнү изилдеп, карапа идиштерин, коло күзгүнүн сыныгын, алтын короз ж. б. тапкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |