Мазмунга өтүү

Кайталанбас электроддук процесстер

Википедия — ачык энциклопедия

Кайталанбас электроддук процесстер — заттын электроддо айлануу ылдамдыгы, электрохим. реакциядагы зарядды түз бир багыттуу которуу ыддамдыгы менен аныкталганда гана ишке ашуучу процесстер. К. э. п. чыңалуунун өтө жогорку жана ылдамдык константасынын төмөнкү мааниси менен мүнөздөлөт; канчалык k-нын мааниси төмөн, n жогору болсо, К. э. п. ошончолук кайталанбас болот. Практикада К. э. п. k-нын жана заттын электродго, массанын которулуу ылдамдыгынын маанилеринин катыштарына көз каранды. Эгер k>>v болсо, n = 0 болот да, процесс кайталанма болот. k<<v болгондо процесс кайталанбас болот. k~v болгондо n-нын мааниси кичине жана электроддук процесстер квазикайталанма эмес болот. К. э. п. системанын энтропиясы электрод аркылуу өтүлгөн токтун күчүнө жараша чоңоёт. k менен v нын катышы сырткы шарттан мис., эритмени аралаштыруу интенсивдүүлүгүнө көз каранды, ошондуктан К. э. п. деген түшүнүк шарттуу болуп саналат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]