Кайчы тумшук

Википедия дан
Кайчытумшуктар‎»‎ барагынан багытталды)
ак канат кайчытумшук (Loxia leucoptera).

Кайчы тумшук (лат. Loxia, L. 1758) – куштардын мукурлар тукумундагы уруусу. Дене узундугу 17 смге чейин. Астыңкы жана үстүңкү тумшугу кайчылашып, карагай, кызыл карагай ж. б. ийне жалбырактуулардын тобурчагынан уругу чыгарып жегенге ыңгайланган. К. т.-тун 3 түрү Европа, Африка, Азия, Американын ийне жалбырактуу токойлорунда таралган. Кыргызстанда 1 түрү жашайт. Карагайларга жылуу уя салып, ургаачысы 3-5 жумурткасын басып чыгарат. Эркеги жем ташып, аларды багат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Bio-stub