Жолдубай Кайыпов

Википедия дан
Кайыпов, Жолдубай‎»‎ барагынан багытталды)
Жолдубай Кайыпов
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Жолдубай Кайыпов
Туулган жылы: 11-август 1946-жыл
Туулган жери: Жаңы-Күч айылы,Ат-Башы району, Кыргызстан
Өлкө: Кыргызстан желеги
Каза болгон жылы: 29-март 1984-жыл
Ишмердүүлүгү: обончу, аткаруучу, диктор
Наамдары:

КРнын эмгек сиңирген артисти

Кайыпов Жолдубай (11.8.1946, Ат-Башы району, Жаңы-Күч айылы — 29.3. 1984. ошол эле жер) — обончу, аткаруучу, диктор. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1981).

1963-ж. Ысык-Көл айыл чарба техникумун, 1974-ж. Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүткөн.

1963—67-ж. "Пограничник" колхозунда зоотехник, 1965— 73-ж. Опера жана балет театрында солист, 1973—84-ж. Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде диктор болуп иштеген.

1981-жылдан жогорку категориядагы диктор. Орто Азия жана Казакстан Республикаларынын ортосунда өткөрүлгөн "эң мыкты дикт" сынагынын жеңичүүсү. Көптөгөн теле берүүлөрдү, айрыкча "ыркесенин" ажарын ача алып барган. 70дей обондун автору. Ошону менен катар мыкты аткаруучу да болгон. Анын “Мекеним", “Атам менен энеме", "Кол үстүндө", "Жашчылык", "Алгачкы кадам", "Кел бийлейли, ырдайлы" жана башка ырлары элге кеңири белгилүү. "Ырлар" аттуу ыр-обондор жыйнагы жарыкка чыккан (1985). Жаңы-Күч айылындагы мектепке ысымы берилген.

Аткарылып жүргөн чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Мекеним» с. И.Мансуровдуку
  • «Атам менен энеме» с. Т.Кожомбердиевдики
  • «Атамды ойлоп» с. Ж.Кайыповдуку
  • «Айылымдын жытын сагынам» с. Ж.Кайыповдуку
  • «Ай көлүм ай» с. Т.Абдышеваныкы
  • «Жашчылык» с. Ж.Кайыповдуку
  • «Көл үстүндө» с. Ж.Кайыповдуку
  • «Алгач сүйүү» с. Т.Кожомбердиевдики
  • «Таңкы поезд» с. Т.Кожомбердиевдики
  • «Айтылбай калган махабат» с. И.Мансуровдуку
  • «Кел бийлели, ырдайлы» с. Э.Тазабековдуку
  • «Алгачкы кадам» с. Т.Кожомбердиевдики ж.б.

Ноталуу китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. С.Абдыраев. Өчпөгөн жылдыз: Эскерүү, Обондуу ырлар. – Б.: Турар, 2008.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ырдайлы достор ырдайлы(жеткиликсиз шилтеме)
ӨЧПӨГӨН ЖЫЛДЫЗ ЖОЛДУБАЙ КАЙЫПОВ
КЫРГЫЗ ТЕЛЕЖЫЛДЫЗЫ ЖОЛДУБАЙ КАЙЫПОВ ТИРҮҮ БОЛСО АЛТЫМЫШКА ЧЫКМАК