Кайыргуль Сартбаева

Википедия дан

Кайыргүл Сартбаева – советтик жана кыргыз опера ырчысы (лирикалык-драмалык сопрано), педагог, СССР Эл артисти (1980). Анын ысымы 60-80-жылдардагы кыргыз музыка маданиятынын тарыхында сакталып калган. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадио берүү корпорациясынын “Алтын фондуна” ырчынын аткаруусундагы 600гө жакын ария, романс жана ырлардын жазуулары кирген. К. Сартбаеванын вокалы – бай тембрдеги жана кең диапазондогу лирикалык-драмалык сопрано.[1]

ӨМҮР БАЯНЫ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

К.Сартбаева 1936-жылы 20-июнда Кемин өрөөнүндөгү Кара-Булак айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Бала кезинен эле ырга жакын болуп, жакшы көргөн обондорун талыкпай созо берчү.

1954-жылы республиканын борборунда курулган жаңы “Спартак” стадионунда “Ыр майрамы” республикалык фестивалы өткөн. Мындай иш-чара биринчи жолу өтүп жаткандыктан, албетте, ага катышууну каалагандар көп болгон. Алардын арасында өзгөчө үнү бар Кайыргүл Сартбаева да жүрдү. Фестивалга республиканын жетекчилери, көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер: Жогорку Советтин Президиумунун төрагасы Төрөба Кулатов, маданият министри Абдыкайыр Казакбаев да бар эле. Казакбаев кийин Кайыргүлдүн тагдырында олуттуу ролду ойноду. Республика үчүн таланттын мааниси канчалык зор болгонун баамдап, Казакбаев Кайыргүлгө Москвада окууга өтүүгө жардам берген.[2]

1954-жылы К.Сартбаева баштапкы музыкалык билими болбогондуктан П.И.Чайковский атындагы Москва консерваториясына караштуу Мерзляковский атындагы Москва окуу жайына тапшырган. Үч жылдан кийин (1957-жылы) ал консерваторияга – профессор В.Ф. Рождественскаянын классына өткөн. Ошентип, Кайыргүлдү оор окуу күндөрү, максатка умтулган жана жанын аябастан, талыкпай эмгектенген жылдар күтүп турду. Ата-энесинен эрте ажыраган Кайрыгүл эжелери Бурул, Накий, Жаңыл менен талыкпаган эмгегинин аркасында элдин көзүнө илиништи.

Ырчынын чыгармачылык ишмердүүлүгүнүн өнүгүшүнө эбегейсиз зор колдоону республиканын Москвадагы элчиси С.Турсунов көрсөткөн. Москвадагы сегиз жылдык окуу Кайыргүлгө өтө көп мүмкүнчүлүктөргө жол ачты. Белгилүү маданият ишмерлери менен жолугушуулар, симфоникалык жана вокалдык музыканын концерттерине баруу, Чоң театр, МАХАТ, Пушкин, Вахрушин музейлери жана Москванын өзүнүн атмосферасы келечектеги кыргыз ырчысынын талантынын өнүгүшүнө, ички дүйнөсүнүн байышына чоң таасирин тийгизди.

Ырчынын кесипкөй ишмердүүлүгүнүн башталышы 60-жылдарга туура келет – бул кандайдыр бир рененссанс мезгили, республикада опера, балет, симфоникалык жана

драма искусствосу гүлдөп турган учур эле.

Мына ушундай чыгармачылык кырдаалда жашап, эмгектенип жаткан Кайыргүл Сартбаева да эл алдындагы жоопкерчилигин сезген. Дал ушул жоопкерчилик өзү аткарган ролдордогу образды ачып берүүнүн жаңы жолдорун издөөгө, чеберчилигин тынымсыз өркүндөтүүгө болгон умтулуусунда байкалат. Кыска убакыттын ичинде ал башкы ролдорду аткарып, театрдын негизги спектаклдерине кире алган. “Русалка” операсында Ольганын, “Айчүрөк” операсында Айчүрөктүн, Калыймандын, Сары кыздын жана Кара кыздын, “Евгений Онегинде” Татьянанын партиялары ага атак-даңк алып келген. Ушундай эле жигердүүлүгү менен ал республиканын бардык аймактарындагы сахналарга чыгып, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.

Кесиптик жактан жетилген маалда К.Сартбаева педагогикалык ишмердүүлүккө баш-оту менен кирген. Искусство институтунун ректору, профессору, азыр болсо консерваториянын профессору катары таланттуу жаштарга вокал өнөрүн үйрөтүп, азыр да тарбиялап келүүдө. Өзүнүн кесипкөй кредосу тууралуу айтып жатканда Кайыргүл Сартбаева буларды белгилеген: “Жакшы ырдоо менен эле баары бүтүп калбайт, сахнада жашаш керек”. Сартбаева сахнада гана эмес, турмушта да ушундай ишеним менен кыргыз искусствосун даңазалоо үчүн кызматын улантууда [3].

ҮЙ-БҮЛӨСҮ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кайыргүл Сартбаева режиссер, Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кубанычбек Арзиевге турмушка чыккан. Кызы Айгүл – экономика илимдеринин

кандидаты, уулу Искендер – Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын көркөм

жетекчиси жана башкы режиссеру. Сартбаеванын 7 небереси жана 4 чөбөрөсү бар [4].

АЛГАН СЫЙЛЫКТАРЫ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ырчынын коомго жана анын лирикалык-драмалык сопрано күйөрмандарынын алдындагы эмгектери татыктуу баа алды. Сартбаева – Орто Азиянын жана Казакстандын вокалисттер конкурсунун лауреаты, бир нече жолу республиканын Өкмөтүнүн Ардак грамоталары менен сыйланган. Музыкалык искусствону жана операны өнүктүрүүгө кошкон эбегейсиз зор салымы үчүн ага алгач “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти”, андан кийин “СССРдин эл артисти” деген жогорку наамдар ыйгарылган.

КАЙЫРГҮЛ САРТБАЕВАНЫН ОПЕРАЛЫК РЕПЕРТУАРЫ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Евгений Онегин” - Татьяна
  • “Фауст” - Маргарита
  • “Чио-Чио-Сан” - Баттерфлай
  • “Кармен” - Микаэла
  • “Борис Годунов” - Ксения
  • “Отелло” - Дездемона
  • “Русалка” - Ольга
  • “Аида” – кечил, Аида
  • “Зори здесь тихие” - Бричкина Лиза
  • “Иоланта” - Иоланта
  • “Оптимисттик маанайдагы трагедия” – улгайган аял
  • “Мефистофель” - Маргарита
  • “Дон Карлос” - Елизавета
  • “Фигаронун үйлөнүү тою” – Графтын аялы, дыйкан
  • “Монастырда баш кошуу” - Клара, Луиза
  • “Князь Игорь” - Ярославна
  • “Дон Жуан” - Донна Анна
  • “Алеко” - Земфира
  • “Айчүрөк” - Калыйман, Келин, Сары Кыз, Кара Кыз
  • “Ажал ордуна” - Зулайка
  • “Манас” - Каныкей, Калыйман
  • “Алтын кыз” - Чынар, Анар, Алтын Кыз
  • “Токтогул” - Тотуя, Валентина
  • “Фрунзе” - Гүлсара
  • “Олжобай менен Кишимжан” - Кишимжан
  • “Абайла, келин!” - Зияда
  • “Эненин жүрөгү” - Зинохан
  • “Саманчынын жолу” – Жер эненин үнү
  • “Аршин Мал-Алан” - Гүлчахра
  • “Алтын Көкүл” - Көкүл
  • “Сепил” - Акбийке
  • “Ак-Мөөр” - Ак Мөөр
  • “Курманбек” - Канышай
  • “Бойдоктор” - Ширин

ШИЛТЕМЕЛЕР[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Кайыргүл Сартбаеванын чыгармачыл портрети. А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры
  2. http://www.prostosound.com.ua/spravochniki/muzykanty/id/1353730
  3. https://records.su/tag/%D0%A1%D0%B0%D1%80%D1%82%D0%B1%D0%B0%D0%B5%D0%B2%D0%B0_%D0%9A% D0%B0%D0%B9%D1%8B%D1%80%D0%B3%D1%83%D0%BB%D1%8C
  4. https://www.kino-teatr.ru/teatr/acter/w/sov/519393/bio/
  5. http://www.prostosound.com.ua/spravochniki/muzykanty/id/1353730