Кай, уруу

Википедия дан

Кай уруусу - 9-кылымда Борбордук Азиянын түндүк-чыгыш аймагын мекендешкен. Этноним кытай булактарында Си (hai) формасында берилген. Кайлардын теги байыркы моңголдордун уруулук бирикмесине барып кошулат. Кай аталышы 9-кылымдан белгилүү, жылан дегенди түшүндүргөн. Махмуд Кашгаринин сөздүгүндө йабаку, басмыл, татарлар менен катар, кайлар да түрк тилинде сүй-лөшөрү, кайлардын өзүнчө бир тили (диалекти) бардыгы айтылат. 9-кылымда моңгол тилдүү кайлардын бир бөлүгү түрктөшүү процессин башынан өткөрүшү мүмкүн. Анткени, ошол мезгилде түркмөн-огуздардын курамындагы уруу катары айтылат. Ушул учурдан тартып, кайлар кимак-кыпчак, огуз-түркмөн урууларын батышты көздөй сүрө башташат. Мусулман даректеринин айрымдарында кайлар Енисей кыргыздарынан чыгышта делсе, кээ биринде алардын батышында деп көрсөтүлүп жүрөт.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.