Какан

Википедия дан

Какан, Каканчын, Каканчы — кытай императору (түрк тилдеринде кахан — кандардын каны, иранча чин — кытай өлкөсү). "Манас" эпосунда өтмө маанде кытай өлкөсү, кытай калкы катары да айтылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Алмамбет баатыр чалгынга жөнөр алдында Кытайдын көптүгүн Манаска айтканда: “Какан кала, Чынмачын, Казалдаган Чоң-Бээжин” (Сагымбай Орозбаков, 4. 216),— деп эскерилет. Кандардын Манаска барып жолугушканында:

Байкаймын кытай баш журтун,

Чынмачын менен Каканды

Жыйылып мынча келген соң

Чыгарыңар капамды (Сагымбай Орозбаков, 4. 58),— деп айтылат.

Негизги варианттардагы көптөгөн окуяларда катышып, кыргыздын эпикалык душманы катары берилет. “Какандын журту кара курт, Кайнаган кытай калың журт” (Сагымбай Орозбаков, 4. 323(7 Ошондой эле байыркы түрк элдеринин фольклорунда К. жана Чын адатта Кытайды билдирет. К. К. Юдахиндин кыргызча-орусча сөздүгүндө да К. титул жана кытай мамлекетинин синоними катары түшүндүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4