Какематов Зайдик

Википедия дан

1. Алгы сөз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тянь-Шань районунун аты чыккан инсандарынын бири Зайдик Какематов өз заманында Ата Журт үчүн зор эмгек өтөгөн. Ал ошол кездеги жогорку тараптар жиберген бардык иштерди абийирдүүлүк менен акырына чыгарган адамкерчиликтүү , мээнеткеч, мээрман адам болгон. Жеке эле өзүнө тагылган милдетти аткара билбестен, айыл- чарба өндүрүшү, экономика менен саясатты, искусство менен маданиятты, адамдык насил-наркты бирдей алып жүргөн, жакшылык менен жамандыкка тикесине турган, көкүрөгү таза инсандарыбыздын бири эле.

2. Кыскача өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

 Какематов Зайдик 1932-жылы Тянь-Шань районундагы Ийри-Суу айылында төрөлгөн. Өзүнүн эмгек жолун 1948-жылы Нарын районундагы Ийри-Суу орто мектебинде мугалимдик кесипти аркалоо менен баштаган. 1951-1953-жылдары Нарын шаарындагы мугалимдер институтунан билим алган. Аны бүтүргөндөн кийин комсомолдук ишке өткөн. Комсомолдун Тянь-Шань облустук комитетинин үгүт жана насыят бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Андан кийин партиянын Нарын райкомуна лектор-кеңешчиликке которулган, райкомдун бөлүмүнө жетекчилик кылган. 1959-1963- жылдары Алматы шаарындагы жогорку партиялык мектепте окуган. Окууну аяктап келгенден кийин Тянь-Шань районунун Жданов атындагы колхоздо партиялык уюмунун катчысы,1963-1969-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Тянь-Шань райондук комитетинде уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 1969-1973- жылдары Кыргызстан Компартиясынын Тянь-Шань райондук комитетинин экинчи катчысы болуп дайындалган,1973-1975- жылдары Тогуз-Торо райондук аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган,1975-жылдан тартып 1989-жылга чейин Нарын облусунун Тянь - Шань районундагы Жданов атындагы колхозунун башкармасынын төрагасы болуп 14 жыл иштеген,1989-жылда ардактуу эс алууга чыкканга чейин Тянь - Шань райондук кинофикация дирекциясынын директору болуп иштеп турган.Какематов Зайдик 1995-жылы Нарын шаарында көз жумган.Ысымын түбөлүккө сактоо үчүн, Нарын шаарынын көчөлөрүнө берилген. Какематов Зайдиктин уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү райондук жана советтик иштерде жетекчилик кызматта иштеп турган  мезгилдерде көрүнүп турган. 

3. Наамдары жана сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары

"Эмгек Кызыл Туу" ордени

"Ардак белгиси" ордени

Эмгкетеги каармандыгы үчүн жана Ленин туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата медалдары""

4. Эстелик[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нарын шаарындыгы Зайдик Какематов атындагы көчө

5. Үй-бүлүсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байбичеси Шаршекеева Сагын 1987-жылы дүйнөдөн кайткан. Уулдары Казакбек, Таалайбек, Талгартбек,Тариел,кыздары Света, Динара,Рахат. Балдарынын баары жогорку билимдүү. Казак коопсудук тармагында , Таалайбек медицина тармагында иштеп жатышат. Талгартбек Нарын облусунун айыл-чарба тармагында жетекчилик кызматтарды аркалап келелет.