Какшаал гроссуляр кени
Көрүнүш
Какшаал гроссуляр кени Нарын облусунун Ат-Башы районунда, Ат-Башы кыштагынан 140 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 3500 м бийиктикте 1967-ж. табылган. Узундугу 15–300 м, калыңдыгы 0,3–3 мден 10–15 мге чейинки скарн тулкуларынын тобу Таш-Көмүр мезгилинде пайда болгон мраморлошкон акиташтын Какшаал массиви менен болгон контактысына туура келет. Инфильтрациалык скарндар бир нече участкада гроссуляр катарына кирген жашыл гранаттын кристаллдары менен түзүлгөн. Гранат ачык-жашыл, кою-жашыл, тунук, эч кандай кошулмасы жок, кээ бир кристаллдарынын өлчөмү 1–1,5 см. Пироксендүү, гранат-пироксендүү жана волостаниттүү скарндарда чоңдугу 1 см болгон тунук кызыл гранаттын идиоморфдуу кристаллдары кездешет. Гранат зергердик буюмдарга жарамдуу.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын кен байлыгы: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек – 2004, ISBN 9967-14-009-7