Какшык лексикасы

Википедия дан

Какшык лексикасы - шылдың, мыскыл, келеке кылуу максатында мактап, ашыра баалап же өтмө мааниде айтылган сөз. Мис., Ооба, балдарың кыйын эмеспи... Мында "кыйын"

деген сөз өз маанисинде эмес, какшык иретинде өтмө мааниде (жакшы эмес деген мааниде) колдонулду.

Какшык лексикасы кон-текстте гана так аныкталат. Какшык лексикасы башка сөздөрдөн интонациясы, басымы, айтылыш манерасы боюнча айырмаланат. Ушул фоностилистикалык белгиси, мааниси аркылуу биз Какшык лексикасы сүйлөшүүдөн байкайбыз. "Кер какшык" деген туюнтма "кыйкым таап, шылдыңдоо", "келекелөө" сыяктуу маанини туюнтат. Мында тескери сүйлөгөн, тетири сөздүүлүк да бар. Какшык лексикасы колдонулуш өзгөчөлүгү чектелүү. Алар көбүнчө көркөм стилде көркөм образ түзүү үчүн эстетикалык максатта колдонулат. О.э. турмуш тиричилик сүйлөшүү стилинде жана публицистикалык стилдин айрым жанрларында кездешет. Ал эми иш стилине, илимий стилге Какшык лексикасы мүнөздүү эмес.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4