Калак буттуулар

Википедия дан

Калак буттуулар (лат. Pinnipedia) - сууда жашоочу сүт эмүүчүлөр тукуму. Сууда жашоого ыңгайланып, денеси ийик сымал, жылмышчаак, беш манжалуу буттары калкка айланган, куйругу кыска. Жынысташуу, тукумун эмизүү, түлөө жана эс алуусу кургакта же муз үстүндө жүрөт. Тери астында калың май катмары (10 смге чейин) жылууукту жөнгө салат жана азык зат запасы болуп эсептелет. Тиши жылмакай, деңиз жаныбарларын кармоого ылайыкталган. Эркеги ургаачысынан чонураак. Сезүү органдарынан угуу жана көрүүсү жакшы өөрчүгөн. 3 тукуму: суу жолборстор (1 түр), кулактуу тюлендер жана тюлендер бар. Азыр 21 уруусу 31 түру белгилүү. Бардык океандарда, КМШ өлкөлөрүндө 13 түрү Тынч, Атлантика океандарынын жана Кара, Каспий деңиздеринде кездешет. Көбү моногамдар, ургаачысы 3-4, эркеги 5-6 жашында жыныстык жактан жетилет. 11-12 ай көтөрүп, жылына бир жолу бир чон бала тууйт. Саны азайып кеткендиктен, 6 түрү, 3 түрчөсү Табиятты Коргоонун Эл аралык Союзунун (ТКЭС) Кызыл китебине катталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]