Каламиттер

Википедия дан

Каламиттер - (Calamitales) - татаал түзүлүштүү өсүмдүктөргө кирген муун сабактуулардын катары.

Каламиттердин бийикт. 12 м, диаметри 1 м ге жетип, жалпы көрүнүшү кырк муунга окшош дарак болгон. Сабагынын муундарында тегерете жайгашкан күндөрү же сызгычтай жалбырактары өскөн. Кырк муундан айырмаланып, сабактарында 2-ксилемасы өөрчүп, бирок жетилген сөңгөктөрү көрдөй болгон. Өркүндөрүнүн учунан калыптанган тобурчактары тукумдук жана тукумсуз түрпүчөлөрдөн турган.

Каламиттерге 3 урууча кирген. Эң жөнөкөй Каламиттер девон мезгилинде пайда болуп, тропик зонасына кеңири тараган. Геологиялык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында пермь мезгилинде тукум курут болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.