Мазмунга өтүү
Калам сүрөсү
- Меккеде түшүрүлгөн. Элүү эки айаттан турат.
- Кыргызча котормо мааниси
- Мээримдүү, Ырайымдуу Алланын аты менен!
- 1. Нуун[2]. Калемге жана анын жазгандарына ант!
- 2. Cен[3] Алланын жакшылыгындасың[4], жинди эмессиң.
- 3. Албетте, сага түгөнбөгөн сыйлык бар.
- 4. Сен – улуу кулк-мүнөз ээсисиң.
- 5. Жакында сен да көрөсүң, алар да көрүшөт:
- 6. силердин кимиңер жинди экениңерди.
- 7. Чындыгында, сенин Эгең ким Анын жолунан адашкандыгын Билүүчүрөөк. Ким туура жолдо экенин да Билүүчүрөөк.
- 8. Жалганчыларга башыңды ийбе.
- 9. Сен аларга ыктап (муйуп), айткандарына көнүп, анан алар сага ыктаганды каалашат[5].
- 10.Ар кандай кордолгон касамкорго мойун сунба;
- 11. ушак[6] таратып жүрүүчүлөргө (да);
- 12. жакшылыкты тыйып, чектен ашкан күнөөкөргө (да);
- 13. ошондой эле, орой, тексизге[7] (да);
- 14. Анткени ал байлык жана бала-чака ээси болгон.
- 15. Ага Биздин айаттарыбыз окулган кезде ал: [8]Байыркылардын жомогу» – деди.
- 16. Жакында анын тумшугуна белги[9] салабыз.
- 17. Биз бак ээлерин сынаганыбыздай, чындыгында, аларды да сынадык. Алар[10] «эртең эртелеп бактын түшүмүн жыйнайбыз» деп ант ичишкен.
- 18. Алар: «Кудай кааласа» – деп айтышпады.
- 19. Алар уктап жатканда, Эгең тарабынан (жиберилген) бир айлануучу бакты айланды[11]…
- 20. Бак[12] кыйылгандай кейипке келди
- 21. Эртең менен бири-бирин чакырышты:
- 22. «Түшүм жыйнагыңар келсе, талааңарга (эртелеп) чыккыла!» – деп.
- 23. Алар өз ара шыбырашып жөнөштү:
- 24. «Бүгүн силердин үстүңөргө кедей келип калбасын!»–дешти.
- 25. Алар таң эртең менен шайма-шай жолго чыгышты.
- 26. Бакты көргөн кезде: «Биз, чынында, адашыппыз!» – дешти. –
- 27. «Жок! Биз кур калдык!» (дешти)
- 28. Алардын акылдуураагы: «Мен силерге тасбих айткыла, – деп айтпадым беле!?» – деди.
- 29. Алар айтышты: «Аруулук – Эгебизге! Албетте, биз чындап адаштык!».
- 30. Алар бири-бирине бет алып, [13]жемелей башташты.
- 31. Айтышты: «Аттиң, биз чектен ашкандардан болуптурбуз.
- 32. Балким Эгебиз бизге андан жакшыраагын алмаштырып берээр. Анткени биз Эгебизге умтулуучубуз да».
- 33. Мына ушундай азап! Бирок, эгер алар билишсе, Акыреттин азабы андан да чоңураак.
- 34. Чындыгында, такыбалар үчүн Эгесинин алдында жыргалдуу бактар (бар).
- 35. Мусулмандарды күнөөкөрлөр[14] сыйактуу кылабызбы?
- 36. (Эй, каапырлар,) силерге эмне болду? Кандайча өкүм кыласыңар?
- 37. (Же) силер таалим ала турган китебиңер барбы?
- 38. Ал китепте силер тандаганыңар (убада кылынганбы)?
- 39. Же Биз менен Кыйаматка чейин келишимиңер барбы? Албетте, өзүңөр чыгарган өкүмүңөр – өзүңөргө гана!
- 40. Алардан сура[15]: Алардын буга кимиси жооптуу?
- 41. Же алардын шериктери бар бекен? Эгер алар чын сүйлөшсө, анда ошол шериктерин алып келишсин!
- 42. Кыйамат Күнү, Алланын алдында алардын шыйрагы[16] ачылып, сеждеге чакырылат, ага жетпей[17] калат.
- 43. Көздөрү корккон, өздөрү кордолгон (абалда калышат). Акыйкатта, алар сак-саламат жүргөн кезде[18], сежде кылууга чакырылган болчу.
- 44. Ушул Сөздү[19] жалган дегендерди мага кой! Биз жакында аларды өздөрү билбеген[20] тарабынан акырындап тутабыз[21].
- 45. Мен аларга мөөнөт беремин: Чындыгында Менин айлакерлигим абдан катуу.
- 46. Же сен алардан акы сурап, алар оор зыйанга учурадыбы?
- 47. Же алардын алдында жазып алчу кайып барбы?
- 48. Эгеңдин өкүмүнө сабыр кыл да, кит ээсине[22] окшобо. Ал түйшүккө батып[23], (Мага) жалбарган.
- 49. Эгер ага Эгеңдин ырайымы болбогондо, ал кордолгон абалда талаага ыргытылмак.
- 50. Ошентип, аны Эгеси өзү тандап[24], жакшылардан кылды.
- 51. Каапырлар Куранды тыңдаган кезде алар көздөрү менен атып, жыга жаздашат. Жана алар: «Ал[25] – анык жинди», – дешет.
- 52. Бул[26] тек гана – ааламдарга эскертүү!