Калбүбү Сүйүнбай кызы
Көрүнүш
Калбүбү Сүйүнбай кызы (1923,Ат-Башы району, Баш-Кайыңды айылы) — "Манас" айтуучу. Жаш кезинен "Манас" айтканга дилгир болгон. "Манас" айткан айрым кишилерди көрүп, алардын айткандарын уккан. Манастын жарык көргөн китептерин окуп үйрөнгөн. Андан эпостун "Манас" бөлүмүнөн "Манастын өлүмү","Семетей" бөлүмүнөн "Каныкейдин Таластан Букарга качышы", "Семетейдин бала чагы", "Тайторуну чабуу", "Семетейдин кайра Таласка келиши" эпизоддору жазылып алынган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4