Калдама, ашуусу

Википедия дан

Калдама, ашуусуФергана тоо тизмегинде, Көгарт сууларынын башында. Бийиктиги 3062 м. Тоо кырларынын ашуулардан салыштырмалуу бийиктиги 300—400 м. Негизинен силур-девондун акиташ теги,мрамор, сланец тектеринен турат. Ашуу июлдан-ноябрдын башына чейин ачык. Ал аркылуу Жалал-Абад облусун Нарын облусу менен байланыштырган автоунаа жолу өтөт.Ашуунун мойногу түзөң шагылдуу жана кумдуу, түндүк чыгыш капталы тигирээк. Чарбачылыкта мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.:2004. ISBN 9967-14-006-2