Эсенбай Калдаров

Википедия дан
Калдаров Эсенбай‎»‎ барагынан багытталды)

Калдаров Эсенбай (1951-2011) — жазуучу, публицист, театр сынчысы.

Баскан жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эсенбай Калдаров Ноокат районундагы Көк-Бел айылында 1951-жылы 23-августта туулган.
1968-жылы Ош облусттук басмаканада басуучу болуп эмгек жолун баштаган.
1970-1975-жж. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде билим алган.
1975-жылдан республикалык «Ленинчил жаш» гезитинде корректор, кабарчы, спорт жана аскердик тарбия бөлүмүнүн башчысы,
1979-жылдан республикалык «Советтик Кыргызстан» гезитинде кабарчы, улук кабарчы, адабият жана искусство бөлүмүнүн башчысы,
1991-жылдын июнунда республиканын парламенттик «Эркин Тоо» гезитин уюштурууга катышып, анда бөлүм башчы,
1991-жылдын сентябрында республикалык «Кыргыз тили» коомунун «Эне тили» аттуу гезитин негиздеп,
1993-жылга чейин анын башкы редактору,
1993-жылы «Кыргыз Туусу» гезитинин башкы редакторунун орунбасары,
1994-жылдан Кыргыз Мамлекеттик телерадио корпорациясында социалдык-экономикалык жана коомдук-саясый башкы редакциясында жана адабий-драмалык башкы редакциясында башкы редактор,
1996-жылдан «КТР-Обо» гезитин ачып, анын жооптуу редактору, башкы редактордун орунбасары, башкы редактору,
1999-жылы кайрадан «Кыргыз Туусу» гезитинин башкы редакторунун орунбасары болуп иштеп,
2002-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен өкмөттүк «Эркин Тоо» гезитинин башкы редакторлугуна дайындалып,
2005-жылдын март айына чейин жетектеген. Кийин «Эркин Тоонун» башкы редакторунун орунбасары, саясый баяндамачысы,
2007-жылдан Чүй университетинин президентинин кеңешчиси, филология факультетинин профессору,
2008-жылдын январынан Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын чечими менен «Кыргыз тили» гезитине башкы редактор болуп дайындалып, каза тапканга чейин жетектеп келген.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Э.Калдаровдун чыгармачылыгы орто мектепте окуп жүргөндө башталып, «Кошоматчы» сатиралык интермедиясы Ноокат райондук «Колхозчу» гезитине жарыяланган. Андан кийин ырлары, сатиралары, тамсилдери гезитке байма-бай чыгып турган. Адабият, театр, кино өнөрлөрүнө байланышкан макалалары республикалык гезит-журналдарга жарыяланып келген.

Кыргыз ССРинин Журналисттер союзунун сыйлыгынын лауреаты (1982), КМШ журналисттер сыйлыгынын лауреаты (1991), Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1994), Кыргыз Өкмөтүнүн социалдык-экономикалык маселелери боюнча журналисттер сыйлыгынын (2001), Төлөн Насирдинов атындагы республикалык журналисттер сыйлыгынын (2001), Кыргыз Республикасынын Президентинин «Алтын калем» сыйлыктарынын (2002) лауреаты.
Кыргыз ССРинин Журналисттер союзунун (1979), Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунун (1991) мүчөсү.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

  • Жок деп коюңуз: Юмордук аңгемелер. - Ф.: Мектеп, 1984. - 42 б.
  • Жаш калем сериясынан. Абдыашым Көбөгөнов: Чыгармачылык портрет. - Ф.: Кыргызстан.-1987. -96 б.
  • Миң бир күн (таксистин күндөлүгү): Роман, 1-китеп. - Б.: Турар, 2004 - 246 б.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернет шилтемелери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]