Калдаң Серен
Калдаң Серен, Галдан Цэрэн - (моңголчо Galdan Seren, 1693-1745) жуңгар ханы (1727-45), Цеван Рабдан коңтаажынын уулу. Атасынын агрессивдүү саясатын улантып, түштүкбатыш, батыш, түндүк-батыш тарабындагы кыргыз, казактарга кол салып, Цин империясы менен мамилеси курчуган. Калдаң Серендин тушунда калмактар Кетмен-Төбөдөгү кыргыздарга жүрүш жасап (1732), «анжияндык» кыргыздарды убактылуу багындырып, Ташкент шаарын басып алган (1734). Улуу уулу Олоң (Лама) Доржу жана Сейтен нойондун колу Наманган, Кайнар, Коконду курчоого алып, Ташкент шаарын кайра караткан (1742-45). Калдаң Серен өлгөндөн кийин бийликке кичүү уулу, 13 жаштагы Ажа (Аджа-Намджил-Цэван-Доржу хан, 1745-50) келген. Анын такка ээ болушу менен Жуңгар хандыгындагы саясий-экономикалык кризистер күчөп, көп узабай бул хандык жоюлган. Ал учурлар кыргыз санжырасында «он сан ойрот бузулганда» деп айтылып калган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5