Калдыбаев Борчо

Википедия дан

Калдыбаев Борчо 1922-жылы 12-ноябрда Сузак районунун Көк-Кыя айылында туулган.

  • Жети жылдык билим алгандан кийин 1939-жылы Көк-Кыя айылында дүкөндө сатуучу болуп иштейт.
  • 1940-жылы 18 жашында Советтик Армиянын катарына чакырылып, Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында Кавалерия аскеринде катар дагы жоокер, 1941-жылы Ата-Мекендик согуш башталганда, 906-өзүнчө аткычтар батальонунда жоокер болуп майданга жөнөтүлөт.
  • 1942-жылдын июнунан, 1944-жылдын мартына чейин Панфиловдун айтылуу 8-аткычтар дивизиясында, 19-Талгар полкунун 1-батальонунда пулеметчик, бөлүмдүн командири, гвардиянын сержанты болуп кызматын улантат.
  • Кыргызстандан баштап, Москва жана бүтүндөй Европаны басып өтүп, Германияга чейин жеткен.
  • 1943-жылдын күзүндө Великие Луки кааласындагы коргонуу линиясында турган, генерал-майор И.В.Панфилов атындагы 8-аткычтар дивизиясынын, Талгар полкунун курамындагы бир батальонунун коргонуу пункту бар эле.
  • Камыштуу көлдүн аркы бетинде немистер, берки бетинде советтик жоокерлер турат.
  • Батальондун командири майор Иван Шапшаев жоокерлерге кашык каны калгыча салгылашып, чептен душмандарды өткөрбөөнү буйрук кылат.
  • Таң агарып келе жатканда немистердин чабуулу башталат.
  • Аябагандай чоң кагылышуудан кийин жоокерлердин баары өлүп, Балы Бейшебаев, Хасан Бегалдин, Борчо Калдыбаев, СагынбайТанкеев төртөө гана тирүү калат. Душмандын экинчи чабуулу башталып, аларга жардам келгиче бир дагы немисти өткөзбөй кармап турушат.
  • Алардын көрсөткөн эрдиктери жоокерлерге үлгү болуп даңазаланып, гезиттерге сүрөттөрү чыгып, “Кызыл-жылдыз” ордени менен сыйланып, Советтер Союзунун Баатыры наамына көрсөтүлүшөт.
  • Андан кийинки кагылышууда контузия алып, немистерге колго түшүп калат.
  • Немистерден оңтойлуу качып чыгып, Венгердик партизандардын жардамы менен Советтик Армиянын катарына келип, согуш бүткөнчө кызмат кылган.
  • Ошого байланыштуу түшүнүксүз себептер менен, жогорку наам берилбей калган.
  • Волокаламск шоссесинде унутулгуз эбегейсиз зор эрдик көрсөткөн Панфиловчулардын немистер менен болгон кандуу кагылышы тарых барактарынан өчпөс орун алган.
  • Москва шаарындагы “Жеңиш” багындагы Москва шаарын коргоочулардын эстелик ташындагы тизмеде аты жазылып турат.
  • Ошол кагылышта эрдик көрсөткөн Борчо Калдыбаев, 1947-жылы согуштан кайтып келген соң, кайрадан эле дүкөндө сатуучу болуп ишин улантат.
  • 1948-1950-жылдары Кызыл-Октябрь колхозунда катчы, 1950-1952-жылдары Заготканторада директордун орун басары, 1952-1987-жылдары, Гидрометео кызматында Жалал-Абад областы боюнча байкоочу, 1987-жылы «Эмгектин ардагери» деген наам менен ардактуу эс алууга чыгат.
  • «Кызыл Жылдыз» ордени «Эрдик үчүн» жана башка көптөгөн медалдардын ошондой эле сыйлыктардын ээси.
  • Гагарин көчөсүнө (2-көчө) аты коюлду.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3