Мазмунга өтүү

Калдыбаев Салидин

Википедия — ачык энциклопедия

Калдыбаев Салидин (15. 11. 1958-ж. т., Нарын облусу, Жумгал району, Арал айылы) – педагог, педагогика илимдеринин доктору (2009). Кыргыз Мамлекеттик Университетинин механика-математика факультетин бүтүргөн (1980). Республикалык эсептөө борборунда инженер-программист (1981-83), Кыргыз Мамлекеттик Университетиде лаборант (1983-87), окутуучу (1987-91), Кыргыз билим берүү институтунда бөлүм бапшы (1994-96), КРеспубликасынын Улуттук тест жүргүзүү борборунун директорунун орун басары (1996-98), Нарын Мамлекеттик Университетинде кафедра башчысы (1998), бөлүм башчы (2000-03), декан (200305), Билим берүүнүн сапатын мониторингдөө борборунун директору (2005-06), жаңы маалыматтык технологиялар, экономика жана башкаруу факултетинин деканы (2006-10), 2010-жылдан Нарын Мамлекеттик Университетинин ректору. 120дан ашуун илимий-методикалык эмгектин (анын ичинде. 16 монография, окуу куралы жана окуу-методикалык колдонмолор) автору.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]