Калдыркан темир буюмдары

Википедия дан

Калдыркан темир буюмдары - негизинен тамак-аш продуктуларын консервалоодо жана химиялык продуктуларды салууда колдонулуучу банкалар.

Алар цилиндр, сүйрү жана торт бурчтук формасында болот. Банкалар жана алардын капкактары эки жак бетине карай капталган жука калдыркан жана оролмо болот прокаттан, лакталган же хромдолгон кара калдыркандан жасалат да, бети лакталат жана литографиялык жол менен иштетилет. Ал банкалар кураштырма жана туюк штампталган түрдө даярдалат. Кураштырма банканын корпусу, капкагы жана түбү бөлөк-бөлөк даярдалып, анан данакерленет. Сүйрү жана тик бурчтуу банкалар автоматтык жана жарым автоматтык пресстерде штампталып жасалат.

Калдыркан темир буюмдарын иштеп чыгаруучу автоматтык катар эки бөлүктөн - түбүн, капкагын жасоочу жана корпусун даярдоочу бөлүктөрдөн турат. Мындай автоматтык катар минутасына 400-500 банка жасап чыгара алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.