Календаров Сейитказы

Википедия дан

Календаров Сейитказы (1911-ж.т., Ортарык айылы) - юрист, Кыргыз ССРинин Жогорку Сотунун төрагасы (1947-51).

Ташкендеги жумушчулар факультетин (1930), Кыргызстандагы Юстиция эл комиссариатына караштуу курсту (1937), республикалык юридикалык мектепти (1943) бүтүргөн. 1936-47-ж. Жалал-Абад облусунда сот, облустук юстицияда текшерүүчү, сот органдарында бөлүмдүн начальнигинин орун басары, Нарын облустук сотунун төрагасы, Кыргыз ССРинин юстиция министринин орун басары болуп иштеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил.ISBN 9967-14-030-5