Мазмунга өтүү

Калиев Рысбек

Википедия — ачык энциклопедия

Калиев Рысбек (22.2.1950-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Тоң айылы) — медицина илимдеринин доктору (2004). КРдин эмгек сиңирген врачы (2009). КММИни (1974), Москва мед. институтунун аспирантурасын (1979) бүтүргөн. КММИде ассистент (1979—87), доцент (1987—88), кафедра башчысы (1988—2004), проректор (2004—08) болуп иштеген. 2008-жылдан кафедра башчысы. 60тан ашык илимий эмгеги, анын ичинен 2 монографиясы бар. Эмгек: Бөйрөктүн бруцеллёздо жабыркоосу (авторлош). Б., 1999; Өнөкөт гломерулонефрит тоо шартында. Б., 2002.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]