Калифорния Университети (Санта-Крус)
Санта-Круздагы Калифорния Университети (англ. University of California, Santa Cruz; КУ Санта Круз же КУСК деп кыскартылат) - коомдук изилдөө университети жана Калифорния Университетинин системасындагы 10 кампустардын бири болуп саналат. Бул университет Сан Франсиско шаарынын түштүгүнөн 75 миль (120 километр) аралыктагы Санта Круз жээгинде жайгашкан. Кампус Тынч океандын жээгинде, Монтерей Булуңунда токойлуу дөңсөө жерде 810 гектар жерде жайгашкан.
Бул университет 1965-жылы негизделген. КУ Санта-Круз прогрессивдүү, кайчылаш-тартиптеги студенттерге билим берүү, новатордук окутуу ыкмаларын жана заманбап архитектура үчүн көргөзмөсү катары баштаган. Ошондон тартып, ар тараптуу бакалавр жана магистрлик программаларды тартуулаган заманбап изилдөө университетине айланды. Бул университет бакалаврда окуган студентерди жана студенттердин саясий активдүүлүгүн колдогон университет катары бааланат. Резидент колледж системасына 10 кичинекей колледждер кирет жана анын максаты чоң университеттердин ресурстары аркылуу чакан колледждердин студенттерине колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кампустары[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Жетекчилиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]
]