Калифорния өрөөнү

Википедия дан

Калифорния өрөөнү - АКШ түштүк-батышында (Калифорния штатында).

Чыгышынан Сьерра-Невада, батышынан Жээк кырка тоолору менен чектешет. Өрөөн 20-160 м бийиктикте жайгашкан. Уз. 800 км, туурасы 80 км. Аянты 47 миң км2. Чөкмө тектердин калың катмарынан турган тектоникалык ойдуң. Бети түз, түндүктөн түштүктү көздөй бир аз эңкейиш.

Ири дарыялары: Сакраменто жана Сан-Хоакин. Климаты субтропиктик, жайы кургак. Жылдык жаан-чачыны түндүктон түштүккө 1000 мм ден 150 ммге чейин азаят. Түндүк бөлүгү субтропиктик талаа, түштүгү чөл зонасына кирет. Дыйканчылыкта мааниси чоң, жемиш багы, жүзүм өстүрүлөт, түштүгүндө мал чарбасы өнүккөн. Нефть кендери бар. Шаарлары: Сакраменто, Стоктон, Фресно.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.