Калктын турмуш деңгээли
Калктын турмуш деңгээли. Кыргызстанда аралаш экономика системасын түзүүнүн жүрүшүндө келип чыккан эң татаал проблемалардын кеңири комплексин камтыйт.
Калктын турмуш деңгээлинин реалдуу социалдык экономикалык көрсөткүчтөрү өткөөл мезгилде төмөндөдү. Калктын турмуш деңгээлин жалпылаштыруучу индикаторлордун бири салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү чыгарып таштагандан кийинки калктын акча кирешелерин камтыган жана инфляциянын чоңдугуна карата түзөтүлгөн «колдо турган реалдуу акча кирешелеринин» көрсөткүчү болуп эсептелет.
Бүткүл кризис мезгилин карап чыгуу учурунда 1991-жылды база кылып алып, реалдуу колдо болгон кирешелер (1992-ж. - 60%ке, 1994-ж. - 21%ке, ал эми 1996-ж. - 1,8%ке) алда канчалык көбүрөөк төмөндөгөндүгүн белгилей кетүүгө болот. Жалпысынан, калктын 1992-1996-жылдардагы реалдуу кирешелери дээрлик 1,5 эсеге төмөндөдү. Бул индикатордун реформалардын жылдарында биринчи жолу 6,3%ке өсүпгү 1997-ж. байкалды, бул белгилүү даражада экономиканын 1996-1997-жылдардагы жанданышы менен байланыштуу. Талдоого алынган мезгилдеги номиналдык акча кирешелери 1992-жылдагы 288,9 миллион сомдон 1997-жылдагы 18025,8 миллион сомго чейин көбөйүү тенденциясына ээ болду. 1993-ж. акча кирешелеринин өсүш темпи акча чыгашаларынын темпинен кыйла артта калды, 1995-ж. тартып бул көрсөткүчтөрдүн турукташуусу байкалды. 1997-ж. акча кирешелеринин чыгашалардан ашып кетишинин суммасы 218,2 миллион сомду түздү, бирок бул реалдуу кирешелерди реформага чейинки деңгээлге чейин калыбына келтирүү үчүн азырынча жетишсиз болучу.
Калктын кирешелеринин структурасында калктын кирешелериндеги кызмат акынын үлүшүнүн төмөндөшүнө (1991-жылдагы 55,2%тен 1997-жылдагы 32,7%ке чейин) карабастан, ал мурдагыдай эле калктын көпчүлүгүнүн кирешелеринин негизги булагы болуп кала берди. Калктын номиналдык акча кирешелеринин структурасында социалдык трансферттердин үлүшү 2 эсеге (1992-жылдагы 27,2%тен 1997-жьшдагы 13,1%ке чейин) төмөндөдү. Менчик иштен жана ишкердиктен кирешелер ылдам темп менен - көрсөтүлгөн мезгилде 12%тен 52,6%ке чейин өстү. Республиканын калкынын турмуш деңгээлинин колдонулуп жаткан социалдык стандарты биринчи кезекте эмгекке акы төлөөнүн минималдуу өлчөмү, ага байланышкан бюджет чөйрөсүндөгү кызматкерлердин эмгегине акы төлөө боюнча Бирдиктүү тарифтик сетка, о. э. минималдуу пенсия болуп эсептелет.
Андан тышкары, минималдуу кызмат акы башка социалдык төлөмдөрдүн да чоңдугун аныктайт. Экономиканы башкаруудан ажыроо жана күч алып бараткан инфляция эгерде 1991жылы республиканын орточо пенсиясы минималдуу керектөө бюджетинин (МКБ) 194%ин түзсө, 1998-ж. башталышында пенсионерлердин МКБ 44%ти түзгөндүгүнө алып келди, ал эми дүйнөлүк практикада пенсиянын орточо өлчөмүнүн 70%тик «босогосуна» чейин төмөндөшүнө жол берилбейт. 1997 ж. аягында эмгек пенсиясынын орточо өлчөмү МКБнын 54%ин, ал эми 2009-ж. 72,8%ин түздү. Азыркы убакта минималдуу кызмат акы эң маанилүү социалдык төлөмдөрдүн жана пособиелердин өлчөмүн жөнгө салуучу социалдык стандарттын милдетин аткарбай калгандыктан, бул милдеттерди турмушка ашыруу үчүн жаңы социалдык стандарт - керектөөнүн гарантияланган минималдуу деңгээлинин эсептешүү көрсөткүчү киргизилди, анын негизинде мамлекеттик пособиелердин өлчөмдөрү аныкталууга тийиш.
Бул түшүнүк биринчи жолу КР 1998-жылдын 5-мартындагы «Мамлекеттик социалдык пособиелер жөнүндө» Мыйзамында пайда болду жана жакырчылыктын жеткен чегин билдирет. 1998 жылдын 1-майынан тартып, керектеөнүн гарантияланган минималдуу деңгээлинин эсептешүү көрсөткүчү 100 сом өлчөмүндө аныкталган. Ал эми 2009-ж. 340 сомго чейин өстү. Кризистин шартында мамлекет социалдык артыкчылыктарды так аныктоого тийиш жана бул багыттар боюнча (саламаттык сактоону реформалоо, билим берүүнү, социалдык камсыздандырууну, пенсия менен камсыз кылууну өнүктүрүү) иштелип чыккан программалардын негизинде өзүнүн стратегиясынын турмушка ашырылышын камсыз кылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9