Калмак-ашуу

Википедия дан
Калмакашуу, ашуусу‎»‎ барагынан багытталды)

Калмак-ашууКүнгөй Ала-Тоонун батыш бөлүгүндөгү ашуу. Бийиктиги 3250 м. Түштүк бети бир кыйла тик, батышы жантайыңкы. Тоо кырларынын ашуудан салыштырмалуу бийиктиги 250—300 м. Протерозойдун метаморфизмделген тоо тектеринен турат, палеозойдун граниттери да бар. Ашуу июнь — октябрь айларында ачык. Белде майда шагыл, беттерде кумай кездешет. Чоң Кемин менен Ысык-Көл ойдуңдарын байланыштырган чукул жол өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]