Мазмунга өтүү

Калмак-Дөбө

Википедия — ачык энциклопедия

Калмак-Дөбө — Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкка таандык көрүстөндөр. Кыргызстандын бардык аймактарында кездешип, жергиликтүү элде Калмак-Дөбө деген ат менен белгилүү. Аталышы калмактарга байланыштуу болгону менен эстелик байыркы коомго таандык болуп, калмактарга эч тиешеси жок экендиги маалым. Эл ичинде КалмакДөбөдөн башка «Калмак-Арык» деп аталган бийик тектирге суу чыгарчу арыктар да белгилүү. Жогорудагыдай эле алар да мезгили жагынан кыйла улуу келип, калмактарга эч байланышы жок. Калмак-Дөбө деп аталган жерлер сак дооруна таандык көлөмдүү көрүстөн жайгашкан жерлер менен байланыштуу.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]