Калмак-ашуу
Калмак-ашуу — Күнгөй Ала-Тоонун батыш бөлүгүндөгү ашуу. Бийиктиги 3250 м. Түштүк бети бир кыйла тик, батышы жантайыңкы. Тоо кырларынын ашуудан салыштырмалуу бийиктиги 250—300 м. Протерозойдун метаморфизмделген тоо тектеринен турат, палеозойдун граниттери да бар. Ашуу июнь — октябрь айларында ачык. Белде майда шагыл, беттерде кумай кездешет. Чоң Кемин менен Ысык-Көл ойдуңдарын байланыштырган чукул жол өтөт.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.:2004. ISBN 9967-14-006-2
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9