Калориметрия

Википедия дан
Калориметр.

Калориметрия кандайдыр бир процессте бөлүнүп чыгуучу же сиңирилүүчү жылуулук санын өлчөө методунун жыйындысы. К. термини 1780-ж. А. Лавуазье жана П. Лаплас тарабынан сунуш кылынган. Телого (системага) берилген же андан алынган жылуулук саны Q телонун темп-расьгаа жана анын массасына т пропорционалдуу:

Q=C.m.DT=W.DT

мында С — салыштырмалуу жылуулук сыйымдуулугу; W — калориметр жылуулугунун мааниси. Калориметрлик тажрыйбада негизги өлчөнүүчү чоңдук — DТ; W мааниси алдын ала аныктайт. К. кайсы түрү болбосун темп-раны ченей турган аспаптар (термометр, каршылык термометри, термопара же термобатарея, оптикалык пирометр), электрлик ысыткычтар менен жабдылган жана курчап турган чөйрө менен жылуулук алмашуусун башкаруу үчүн кап менен капталган. Жылуулук алмашуунун мүнөзү б-ча калориметрлер термикалык, адиабаттык жана жылуулук өткөргүчтүк деп айырмалайт. Тиана-Кальвенин калориметринде dQ/dt = f(t) ийри сызыгын туруктуу темп-рада жазат. Калориянын маалыматтарын заттар термодинамикалык касиеттерин, хим. теңдештикти эсептөөдө, технол-лык процесстер жылуулук баланстарын түзүүдө жана башка колдонот. Ченелүүчү темп-ранын диапазону 0,1-3500 К, Q мааниси 10-5 бир нече мин Дж чейин. Пооцесстер изилдөөнүн созулушу секунддун үлүшүнөн тартып ондогон суткага чейин жетет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]