Калпын чыгаруу детектору (полиграф)
Көрүнүш
Калпын чыгаруу детектору (полиграф) (лат. detector – ача турган, билгизе турган, – физиологиялык өзгөрүлөрдү (кан басымын, тамыр кагышын, тери нымын, дем алуу жыштыгын ж. б.) үзгүлтүксүз текшерүүчү жабдуу. Ички толкундоодо (м., жалган көрсөтмө берүүдө) ал өзгөрүүлөр демейдегиден кескин айырмаланган абалга жетет. Өлчөөнүн жыйынтыктарына жараша адистер көрсөтмөлөрдүн жалганчыны тууралуу жыйынтык чыгарышат. АКШ жана башка биркатар өлкөлөрдө К. ч. д-н пайдалануу мыйзамда каралган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7