Калча пироксенит кени

Википедия дан

Калча пироксенит кени Баткен районунда, Калча кыштагынан 4 км түштүк-чыгыш тарапта, Сох дарыясынын сол өйүзүндө. 1973–75-ж. табылып, изилденген. Кен силур мезгилинде пайда болгон сланецтин арасында жайгашкан 50160 м аянттагы пироксенит штогунан турат. Пироксенит ири кристаллдуу, ачык жашыл түстө. Иретсиз жайгашкан кристаллдар тоотекке кубулжуган чаарала кооз түстү берип турат. Таш өтө жаракалуу болгондуктан блок чыкпайт. Оңой сайкалданат. Запасы 1,5 млн м3. Майда кооз буюмдарды жасаса болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]