Калча уулу, Сыртбай

Википедия дан

Калча уулу Сыртбай (1895–1925)- обончу, ырчы. Калча уулу Сыртбай Түп районунун Чоң-Таш айылында 1895-жылы туулган. Жашынан ырдап, комуз черткен. Ал өз учурунда көптөгөн обондорду, терме, санат-насыят ырларын чыгарган, бирок тилекке каршы, алардын көбү жазылып алынбай, жыйналбай калган.
Автордун элдик оозеки чыгармачылыктын өзөгүндө чыгарган «Сыртбай», «Насыят» аттуу ырлары эл оозунда сакталып калган.
«Сыртбай» аттуу ыры М.Баетовдун, А.Огомбаевдин, А.Жумабаевдин аткаруусунда элдик ырга айланган. Комузчу, ырчы Бөжөй Шадыкановдун аткаруусунда Сыртбай Калча уулунун терме, санат ырларынын айрымдары Кыргыз радиосунун Алтын казынасына жазылып алынган.
Автордун «Сыртбай» аттуу ыры «Ала-Тоо таңшыйт», «Сармерден» аттуу ж.б. обондуу ырлар жыйнагына басылган.

Дисктери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Сыртбайдын ыры – А.Жумабаев. Кыргыз ырларынын антологиясы, МОНО М 3035851 52 005.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын обончулары. Маалымдама/Кыргызпатент/ Түз.: А.Чекиров, Ө.Калыева. – Б.: Кыргызпатент, 2010. – ISBN 978-9967-26-120-4