Калыбеков, Нурдин Исмаилович

Википедия дан

Калыбеков Нурдин Исмаилович (26. 5.1953-ж. т., Нарын ш.) —артист, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1990). 1970-жылдан Нарын облустук М. Рыскулов атындагы музыкалык драма театрында иштейт.
Калыбеков ар түрдүү жанрдагы спектаклдерде 6Отан ашык образды түзгөн.
Аткарган негизги ролдору: Незнамов, Гриша (А. Н. Островский, "Күнөөсүз күнөөлүүлөр"), Ауэз, Оролбай (С. Ходжониязов, "Сүйбөгөнгө сүйкөнбө"), Сулайман (Хаджибеков, "Аршин малалан"), Солтобой (Т. Абдумомунов, "Ашырбай"), Мелис, Касым (Ж. Абдыкадыров, "Жүрөгүм менин тоолордо"), Адаш (А.. Глязов, "Алакандай жер"), Лужин, Мармеладов (Ф. М. Достоевский, "Кылмыш жана жаза"), Котэ (Цагарели, "Ханума"), Ольбени герцогу (У. Шекспир, "Король Лир"), Авдий, Абуталип (Ч. Айтматов, "Кыямат, "Сары өзөктөгү өлүм"), Сот (Э. Өмүракунов, "Менин да жашагым келет") жана башка.
Медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.