Калыптоо
Калыптоо — куюлуучу материалдарды формага келтирүү процесси. Кол жана машина менен калыптоо болуп айырмаланат. Кол менен аз сандагы жана ири өлчөмдөгү, ал эми машина менен көп сандагы жана ири өлчөмдөгү материалдарды калыптоо жүргүзүлөт. Оор жана чоң өлчөмдөгү куймалар кол менен калыптоодо куюлуучу нерсе үлгүсүнүн негизинде топурак формалуу рамада даярдалат. Ал үчүн калыптоочу цехте атайын чуңкурлар казылып, түбүнө суу кирбей тургандай бетон (кессон) төшөлөт. Анын түбүнө атайын газ өтүүчү материал жаткырылат жана ал төшөгү деп аталат. Майда куюлмаларды алууда кум-чопо аралашмасы жана ири өлчөмдөгү нерселерди куюда катуу материалдар төшөлөт. Машина менен калыптоодо, калыпты даярдоо операциясы толугу менен же кээ бир бөлүктөрү гана механикалаштырылып, автоматташтырылган. Ошондой эле куюлмалардын тактыгы жана бышыктыгы кол менен калыптоого караганда жогору болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|