Калыптоочу машина

Википедия дан

Калыптоочу машина — курулушта аралашманы ныктоочу, куюлган буюмду (моделди) калыптан чыгаруучу машина. Ал материалды куюудагы оор жумуштарды механикалаштырып, куюу жолу менен даярдалган нерсенин бекемдиги, тыгыздыгы жана өлчөмү бирдей, так алынышына мүмкүндүк берет. Калыптоочу машинанын кол, кысоор пресс жана башка менен ныктоо ыкмалары бар. Кол менен ныктоодо куюлган үлгүнү ажыратуу гана механикалаштырылган. Калыптоочу машинанын механизмин кыймылга келтирүүгө (пневматикалык, гидравликалык, механикалык, электр-магниттик), аралашманы тыгыздоо методуна (кагуучу, ныктоочу, дирилдетүүчү) жана калыптан чыгаруу ыкмасына жараша (штифт менен көтөрүп ажыратуучу, калыпты төмөн түшүрүп ажыратуучу, аңтарып ажыратуучу) түрлөргө бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]