Калып:Башбарак:Жакшы макала

Wikipedia дан
Kurmanjan datka1.jpg

«Курманжан Датка» (англ. Kurmanjan Datka) — "Алай ханышасы" аталган Курманжан Датка тууралуу көркөм, тарыхый, биографиялык драма,режиссеру - Садык Шер-Нияз. Кыргызстандын тарыхындагы эн алгачкы тарыхый тасма

Бул тасма Кыргызстандын эң кымбат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тапшырылган биринчи тасмасы. Тасмада кыргыздын улуу ханышасы Курманжан Датканын жашоосу тууралуу баяндалат. Тасманын дүйнөлүк бет ачары 2014-жылы 22-августта Монреаль кинофестивалында болгон. Ал фестивалдын «Focus on World Cinema» программасынын конкурстан тышкаркы көрсөтүүсүндө белгилүү маданий портал болгон CULT #MTL басылмасы тарабынан The Best of the World Film Festival 2014 тизмегине кирген. Сатыкка 2014-жылдын 31-август күнү, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата чыккан. Кыргызстандын атынан «Оскар» сыйлыгынын «Чет тилдеги мыкты тасма» номинациясына сунушталган. Мындан тышкары Орусиялык «Ника» киносыйлыгына да көрсөтүлгөн. (Толугураак →)