Калып:Портал:Биология/Мыкты макала

Википедия дан

ЖүлүнБорбордук нерв системасынын бир бөлүгү. Диаметри 1 смге жакын цилиндр формасындагы узун жипче. Жүлүн омуртка түртүгүнүн ичиндеги жүлүн каналында жайгашкан. Жүлүндү ар кандай урунуудан сактайт. Жүлүн сыртынан үч мээ кабыгы менен капталган. Жүлүндүн узундугу 41-43 см, салмагы 34-38 г. болуп, мээнин салмагынын 2% түзөт. Жүлүндүн жогорку жагы ооз омурткасынын тушунда сүйрү мээге биригет, ал эми төмөнкү учу I – II бел омурткасынын тушунда ичкерип бүтүп, андан ылдый акыркы жипчелерге айланат. Ал жипчелердин узундугу 14-15 см болуп, II чычаң омурткасынын ички бетине бекийт. Жүлүндүн моюн жана бел көчүк бөлүгү бир кыйла жоонураак келип, андан колду жана бутту нервдештирүүчү жүлүн нервдери башталат. Ошондуктан жүлүндүн бул бөлүктөрүндө анын башка бөлүктөрүнө караганда нерв клеткалары жана нерв талчалары көп болот.

Калганын окуу...